Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат онлайн

Качан, кайсы убакта, ким силерге дагы ушундай сунуштары менен кайрылып келген, урматтуу элеттик калын эл-журт? Эзелтен мектеп, лицей ачылса да сөссүз түрде ири шаарларда ачылып, аерде жалаң гана чоңдордун былтыйган балдары окуп жүрбөдүбү? Окуганда да орус тилинде окутуп, өз эне тилинен, маданиятынан улуттук үрп-адаттарынан биротоло айрылган адисттер, жетекчилер, илимпоздор козугарындай жайнап, элибизге пайдасынан зыяны кеп болуп жатпадыбы? ЭЖИАДтын силерге кайрылганы, урматтуу тоолуктар, бул өзү кыргыз элинин терең урматтонун белгиси. Анткени, улуттук маданиятыбыз да, илимибиз да, келечегибиз да силердин колуңарда эмеспи.


Кылымдын өзөктүк чындыгы


Орус тилди жоготсоң – Россияны жоготкон болосуң, англис тилинен айрылсаң – бул дүйнөнүн төрт тарабынан, Батыштан, анын технологияларынан айрыласын, арап, фарси, кытай тилдерин билбесең Чыгыш дүйнөдөн кабарсыз болосуң – ал эми кыргыз тилин жоготсоң – бүт баарын, Ааламды жоготосуң.

Бул жөн эле поэзиялык метафора эмес, бул – так илимдер тарабынан абдан кылдат далилденген улуу чындык болот.

Анткени эне тил акылдын төрүнүн, биздин подсознаниебизде сакталып жаткан чексиз ааламдын байлыктарынын, катылган сырларынын ачкычы, башаты, уюткусу, катализатору, эбегейсиз өзөктүк (ядролук) энергиянын кампасы болот.

Билимкананын канатын көтөргөндөр

Кандай гана адамдар акыркы бир-эки жылда Ноокат билимканасына келип, анын балдары менен таанышып, окуу процессине катышып, чын жүрөгүнөн мугалимдерге өзүнүн ыраазылыгын билдирип кетпеди! Аскар Акаев, Чынара Жакыпова, Абдыганы Эркебаев, Аскар Какеев, Турар Койчуев, Америка, Европа, Турциядан келген коноктор, окумуштуулар, ал эми жергиликтүү мугалимдерди айтпай эле коелу… Ноокат билимканасы бүгүнкү күндө Кыргызстандын педагогдорунун меккесине айлангансып, күн сайын бул жерде семинар, конференция, жолугушуулар өткөрүлүүдө. Мунун бары албетте лицейдин педколлективи үчүн кошумча кыйынчылыктарды туудурбай кое албайт, ошого карабастан билим жана тажрыйба алуу үчүн келген конокторду чын жүрөктөн тосуп, аларга жардам берүүдөн аянышпайт. Болгон убакты минут сайын чектелип зарыл иштерге пландалган болгондо да, келген конокту урмат, сый менен тосууга, анын визити ал үчүн максималдуу пайдалуу болуусуна аракеттенишет. Бул дагы өзүнчө лицеисттер үчүн чоң мектепке айланууда. Мугалимдердин саны чектелген болгондуктан, конок кутуу церемонияларына окуучулар да сөссүз кошулат. Бул жагынан алганда билимкананын балдары шаардык балдарыбыздан кескин турде айырмаланып турушат. Шаардык балдар, асыресе элитардуу мектеп-лицейлерде билим алып жатышкандар таптакыр конокту тосуу, узатуу деген түшүнүктөрдөн айрылып калышкан эмеспи, дулдуюп эле турушкандан башка эч нерсеге жарабай. Алардын билими терең болгондо да, орус, англис тилдеринде сайрап сүйлөгөндү билишкенде да – мунун бардыгы анча деле баалуу эместей сезилери бышык, эгерде баланын улуттук тарбиясы жок болсо. Айыл жердеги балдарыбыз болсо, бул жагынан шаардыктардан кыйла маданияттуу болгону менен жалпы билиминин чабалдыгынан, кругозорунун тардыгынан уткарып жатышпайбы.