Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат онлайн

Ошол эле убакта республикабыздын бардык орто мектептери оор мугалимдердин кризисине чалдыгып, мектепти биротоло таштагандар күндөн күнгө өсүүдө. Мугалимдердин да, окуучулардын да арасынан – адистигинен айрылып, коммерцияга, алып-сатарлыкка берилишип, базар, рынокторубузда сагыз, тамеки, арак сатып күн көргөндөрү канча. Балдарыбыз болсо көчөдө калып, ар-түрдүү хулиган, арамза адамдардын тузагына түшүп абалыбыз ого бетер татаалданып жатпайбы. Мектепте окуган күндөрү да кыргыз мектебинин мугалимдеринин жөндөөмсүздүгүнөн, сабакты өтө супсак, машиналдуу түрдө өткөргөндүгүнөн, биздин балдарыбыз билимден таптакыр көңүлү калып, көчөгө эле карашып калышпадыбы.


Билимкананы материалдык жактан камсыз кылуу үчүн лицейдин астында Талант кичи ишкана тибиндеги атайын фонд уюштурулган. Бул коммерциялык структуранын негизги максаты – лицейди байытуу, алардын мүчөлөрү бизнеске активдүү аралатырып, тапкан акчасынын көбүн окуучулардын муктаждыктарына жумшашат. Жогоруда айтып кеткенибиздей лицейдин 3 гектар жери бар, аерде жүгөрү менен картошка өстүрүлөт. Лицейдин астында өзүнчө коммерциялык дүкен да ачылган. Мындан тышкары лицейдин туруктуу спонсорлору да, учур келгенде материалдык жардамын аяшпайт. Маселен, 25 майда, акыркы конгуроо салтанатына катышкан коноктордун арасынан райондук «Сельхозхимиянын» жетекчиси А. Эгембердиев билимкананын жерин өздөштүрүү үчүн эки тонна химиялык жер семирткичтерди тартуулап, тийиштүү техниканы да иштее маалында берип турган.


Ошондой эле «Намеда» аттуу биргелешкен мекеме (директору А. Пратов) 300 литр солярканы бөлүп берген. Ошол эле күнү райондук айыл-чарба башкаруусунан 500 сомго көркем китептер белек катары лицейге тартууланган. Өкмөт тарабынан да жардам берилүүдө. Лицей элге билим берүү бөлүмүндө интернат катары катталып, тиешелүү каражатты алып турат.

Кыскасы, бул лицейдин материалдык базасы, анын ичинде мугалимдердин алган айлыгы өкмөт тарабынан да (мугалимдердин орточо айлыгынын деңгээлинде), «Талант» фонду жана спонсорлордун жардамы аркылуу да кошумчаланып негизделинет. Мына ошондуктан лицеисттердин тамагы да сапаттуу, мугалимдердин айлыгы да жөнөкөй мектептерге салыштырганда эки-үч эсе жогору, а бирок ошого жараша биердеги окутуучулардын жаны тынбай иштегени да бар. Эртеменен саат сегизден кечке жуук, саат тогузга чейин лицейден чыгышпайт. Негизги иш – балдарды интенсивдүү түрдө окутуу, аларга терең билим берүү, сабактан бош мезгилде чарбалык жумуштар, курулуш, уюштуруу иштери күтүп, – кыскасы, мугалимдердин нагрузкасы арбын.