Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат онлайн

Кыскасы, Азрет-Алий Боташев менен Өмүрзак Мамаюсупов кыялданган 40 лицей келерки эки-үч жылда эле түзүлүп, кудум Ноокат билимканасындай жандуу иштеп калышына терең ишеним бар.

Эгерде сиз дагы, окурман, педагогиканын азыркы оор абалына кайдигер эмес адам болсоңуз, эгерде сиз дагы өзүңүздүн туулган айыл-кыштагыныздын эртеңи жөнүндө бушайман болсоңуз, балким сиз дагы айылыңызга мындай лицей-мектепти ачып бергиңиз келээр? Балдарыңыздын келечегине, журтуңуздун бактына. Анда сиз менден сурашыңыз ыктымал: «Лицейди уюштуруу үчүн биринчи ирээтте эмнеден баштоо керек? Кимге кайрылабыз? Кантип окуучуларды, мугалимдерди тандайбыз? Кайсы жактан материалдык каражаттарды жана техниканы, илимий жардамды күтүүгө болот?»

Миң уккандан көрө бир көргөн жакшы дегендей, Ноокат билимканасына чыгымданып барып келгениңер эң жакшы болмок, ошондой эле Бишкектеги «ЭЖИАД» соопчулук фондунун офисине кайрылсаңар бул тууралуу кеңири маалымат ала аласыңар. Анын дареги жана телефондору бул китептин башында келтирилген. Мен дагы өзүм көрүп түшүнгөнүмдү силерге жеткирүүгө аракеттенемин.

Лицейди ачкандан мурда, аны колдоочу фонд сөссүз түзүлүшү ыктымал. Ноокатта бул фонд жогоруда айтканыбыздай «Талант фонду» деп, аталат. Кадамжай районундагы «Келечек» мектеп-лицейин «Исфайрам» фонду колдойт.

Фонд түзүлмейүн, ал турсун өзүнүн коммерциялык иштерин баштамайын лицейдин чындап түзүлүшү да күмөн. Жаш таланттарды өстүрүү үчүн далай мээнет жана каражат сарпталышы абзел. Балдарды жылуу тамак, жатакана, өзүнчө окуу кабинеттер менен камсыз кылуу, ошондой эле аларга терең билим берген мугалимдерге айлыгын көтөрүү, ар-түрдүү семинар, конференцияларды, олимпиадаларды материалдык жактан каржылоо – мунун баары, албетте, оңойго турбайт, мунун баары фондтун милдетине кирет. Кыскасы, фондтун ишин мыкты бизнесмен башкарса эң жакшы болот. А фонд ачылуу үчүн эмне кылуу керек? Фонд бул кадимки эле эч кимге көз каранды эмес кичи ишкана тибиндеги коммерциялык структура, өзүнүн мөөрү, бланкалары, жергиликтүү банкта эсеби ачылат. Ошондуктан биринчиден фондтун уставдык фонду чогултулуш керек. Маселен, «Исфайрам» фонду уюшулуп жатканда Кара-Дөбө, Үч-Коргон, Майдан, Чавай айылдарынан 300 педагогикага кайдигер эмес адамдар чогулуп, ар бири 5—10 сомдон өз чөнтөгүнөн чыгарып, ортого салышкан, 2500 сом топтолгон, ушуну менен фонд мыйзамдуу түрдө негизделди. Демек, лицейди ачуу үчүн, фонд уюштуруш керек, а фондту уюштуруу жергиликтүү элдин макулдугуна байланыштуу болот.