Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат онлайн


1974-жылы Кызыл-Кыядагы мектеп-интернатта педагог болуп иштей баштайт. Бир жылдан кийин гана анын классы үлгүлүү деген наамга ыйгарылып класстагы окуучулары менен Саадат Сатарова Москвада өтүүчү Бүткүлсоюздук мугалимдердин конференциясына катышып келет.

Дагы үч жылдан кийин Ош областынын Кеңешине депутаттыкка аны Кызыл-Кыянын эли шайлаган болот. Саадат эженин педагогиялык өзгөчөлүгү, анын окуткан ар бир балага инсан катары мамиле жасаганы, анын табигый өзгөчөлүктөрүн, жөндөмдөрүн өстүрүүгө, курчутууга далалаттанганы – мына ушул нерселерде бул педагогдун эң чоң секрети, ийгиликтерди жараттүүчү сыры, ички механизми катылып жатат окшойт. Аны алгачкылардан Саадат эже балдарды окутуп жаткан ата-энелер түшүнүп, жүрөктөрү сезип, анын шаардын өкүлү болом деген ниетин катуу, жапа тырмак колдошуп Ош областынын кеңешине депутат кылып шайлап бербедиби. Мындайда калың эл адашпайт, ошондуктан таланттуу педагогду элдин өкулу болгонуна сүйүндү, ошону менен бирге келечекте өзү дагын, калайык-журт, көптөгөн утуштарга ээ боло алды. Талантттарды туура билип, колдоп турган элдин гана келечеги кең болот эмеспи.

Саадат Саттарова ушул туралуу өзү педагог катары эң мыкты билет. Педагог кесибин тандаганы да ушул себептеп.

– Мугалим, педагог, – дейт Саадат Сатарова, – балдардын бактылуу келечегин ачып берүүчү адам. Анын жогорку максаты жана миссиясы мына ушунда. А бирок класстагы ар бир бала жаратылышынан бири бирине окшобогон болгондуктан, ошол окуучуга индивидуалдуу подход, мамиле, ачкыч табылганда гана анын жолу ачыла баштайт, педагогдун таланты да мына ушундайда билинет, байкалат. Аны үчүн педогог менен баланын ортосунда эч кандай дубал болбоого тийиш. Кызматташтык педагогиканын негизги аксиомасы ушул эмеспи. Албетте, педагог окуткан баланын үй-бүлөлүк абалын жакшы билиш керек, ошондой эле эң негизгиси өзүнүн билим деңгээли, кругозору абдан кенен болушу керек. Антпесең азыркы заманда окуучулар да, алардын ата-энелери да сени педагог катары сыйлабай коюшат. Кыскасы, мугалим окучууга канчалык жогорку талап койгон болсо, ошол деңгээлде өзү да тынымсыз үйрөнүүгө, окууга, чеберчилигин өркүндөтүүгө мажбур болот. Балдардын билимин өстүрүүдө эң негизги нерсе – аларга тынымсыз билим берүү процесси, ошого алардын табиятын, кулк-мүнөзүн, ички жана сырткы чөйрөсүн көнүктүрүү болот. Ар күнү алдыга жылуу, кайсы бир жаңы нерсени системдүү түрдө үйрөнүү, өткөндөгү үйрөнгөндү кайталап элесинде бекемдөө, цементоо, аны керек болгон учурда пайдаланууну билүү – билимдүүлүккө алып баруучу жалгыз жол ушул. Лицейде конкуренция, бири-бири менен тирешүү духу өтө күчтүү болгондуктан, мугалимдин иши башка мектептерге салыштырганда оңоюраак көрүнөт. Биердеги балдарга бир жолу айтсаң эле болду, ал турсун берген темаң боюнча өзүлөрү түнү менен иштеп чыгып, сен билбеген нерселерди чукуп таап келишет.