Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат онлайн


Ал эми Ноокат билимканасынын балдары эки тараптын мыкты касиеттерине ээ болушуп, ал турсун билим жагынан, ошол эле англис тилди Бишкектеги спецшколалардын окуучуларынан жакшы өздөштүрүп, так илимдер жөнүндө айтпай эле коелу, ошол эле убакта баягы эле татынакай айылдык балдар бойдон калышы – мына ушул көрүнүш, туугандар, биздин доорубуздун накта феномени, залкар психологиялык төңкөрүшү десе болот.

Ооба, бул лицейде билим алгандар 21-кылымда окуган кыргыз балдарын элестетет. Алар бизден таптакыр башка. Биз окуган 20-кылымдагы кыргыз мектептер, айрыкча алыскы тоолуу аймактардагы көпчүлүк мектептер артта калгандын, караңгылыктын, чала сабаттуулуктун символу болгон, мунун жашырыштын кереги барбы. Ошондуктан баардыгыбыз орус мектепте окууга умтулган эмес белек, чабан-колхозчулардын балдары гана кыргыз тилде билим алууга аргасыз болуп, тоолордун курчөсунан чыга алышпай. Ноокат билимкананын кыргыз улуту үчүн мааниси жана баалуулугу мына ушунда. Жарыбаган традицияларыбызды бузгандыгында, жоголгон улуттун намысын кайтарып бергендигинде. Демек, биз дагы эл экенбиз да, мындай балдарды тарбиялоого жараган болсок.


Кадрлар баардыгын чечет деген атактуу бир саясий ишмер. Ооба, дал ошондой. Бул чындыкка бардык өнүккөн өлкөлөр эчак эле түшүнүшкөн, биздин эл да көп кыйынчылык, азаптарды кечип бул турмуштун зор чындыгына акырындык менен багынууда. Кадр маселеси ошондуктан дайыма эң орчундуу, татаал маселе болгон. Анын туура чечилиши абдан көп мээнетти, көрөгөчтүктү, акылмандыкты талап кылат. Ноокат билимкананын коллективинин тандалышы ушул жагын эске алганда бул өзүнчө турмуш сабагы, башка коллективдерге үлгү катары болуп бере алат. Нечендеген сыноолордон, изденүүлөрдөн, мурдагы иштеген мектептерде орунсунбай, таланты жок пас адамдардан запкы жеп, кыйналып-кысталып, акыры бири-бирин Ноокат билимканасында табышып, ынтымактуу, педагогикага жан-дили менен берилген үй-бүлө болуп калышпадыбы! Эң кыйындары, эң жоопкерчиликтүүлөрү, эң жалындуулары иргелип, адашып келгендери кайра кетип жаралбадыбы бул лицейдин жааматы! Ар-бир мугалимдин тагдыры өзүнчө китеп кылып жазууга, ал турсун ар-бир лицейдин окуучусу да буга татыктуу.