Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат онлайн

Лицейлердин астындагы фондтордун коммерциялык иштерин координациялоо максатында, ошондой эле мүмкүнчүлүк болгондо техникалык жана финансалык жардам кылуу үчүн Бишкекте жогоруда бир нече жолу атап кеткен «ЭЖИАД» соопчулук фонду түзүлгөн. Мындан тышкары, лицей-мектептердин системасын өнүктүрүү үчүн «Мугалим-инвест» аттуу эл аралык холдинг корпорациясы да уюштурулууда. Ушул эки инициативдуу уюм аркылуу Бишкекте лицейлердин жана алардын астында түзүлгөн фондтордун ишин координациялоо максатында атайын борбор түзүлгөн. Ал борбор учун тиешелүү оргтехника (компьютер, факс жана башкалар) сатып алынып, бул аппаратураны иштете алган жогорку квалификациядагы персонал болунуп берилген.

Илимий жактан болсо лицейлердин ишин УИАнын астындагы математика институту жана жаңыдан уюшулган эл-аралык педагогикалык академия (МАПН) тейлейт. МАПН келечекте лицейлерде иштеген окутуучулардан илимдердин кандидат жана докторлорун даярдап берүүгө багыт алмакчы.

МАПНдын уюштуруучуларынын арасында ЭЖИАДтын жетекчилеринен тышкары Кыргызстандагы белгилүү илимпоздор жана педагогтор Д. Асанов, академик Измаилов, Р. Ачылова жана башкалар бар.

«Бул система күчүнө чындап киргенде 40 лицей-мектептер ар-ар жерлерде түзүлүп, аларга Өзбекстан, Казакстандагы лицейлер да кошулуп өзү аткарган грандиоздуу ишин жалаң гана айылдык таланттуу окуучуларды дүйнөлүк стандарттагы билим берүү, тарбиялоо менен чектелбей, өзүбүз көрүп жаткандай ошол эле алыскы тоолуу айыл-кыштактардын жашоочуларын чыныгы бизнеске акыл-эстүү, цивилизациялуу түрдө аралаштырууга көмөктөш болуп берет. Бул «тарбиялоо иштери» да ЭЖИАДтын пландарында бар. Анын глобалдуу системасы аркылуу алыскы тоолуу аймактардагы лицейлер бири-бири менен ар-түрдүү жактарынан тыгыз байланышып, Бишкектеги борбордон координацияланып чет элдик жаңылыктарга убагында бардыгы кабардар болуп, ошол тоолу аймактын ар-тараптуу өнүгүү жолуна мыкты мүмкүнчүлүк, шарт-жагдай түзүлүп жатпайбы. Окуучулар да, мугалимдер да, ата-энелер да бардыгы «дүйнөлүк стандарттагы» чоң ишке аралашууга, тынбай, үзгүлтүксүз ар-тараптуу, көп кырдуу билимге эгедер болууга, өзүнүн күнүмдүк турмушун кескин түрдө жакшыртууга ушул лицейлердин ажайып системасы аркылуу кеңири жол ачылып жатпайбы.