Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат онлайн

Бул бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү Кыргызстандын алыскы айыл-кыштактарынан болушкан. Алардын арасында Ноокат районундагы Чечме-Сай айлында туулуп-өскөн Өмүрзак Мамаюсупов да бар эле. Баса, анын атасы да, Шеран-ака, адистиги боюнча математик, көп жылдар бою мектепте иштеп, бир катар сонун адисттерди тарбиялап берген. Азыр бул киши пенсияда, айылдын эн-бир урматтуу, кадыр-барктуу аксакалдарынын бири.

«Силердин эң биринчи максатыңар – деп Азрет-Алий Боташев өзүнүн окуучуларын, шакирттерин алыскы сапарга узатып катуу эскерткени алигүнчө Өмүрзактын эсинде, – ошол илимий борборлордун астындагы талантуу балдар үчүн уюштурулган физика-математикалык мектептин окутуу системасын бардык жагынан терең изилдеп келгиле. Мына ушул нерсеге биринчи кезекте көңүл бургула. Кийин аспирантуураны бүтүрүп, өз жерлериңерге кандидат, доктор болуп кайтканыңарда, дал ошол Новосибирсктеги калыптанган, бүткүл дүйнөгө дүңгүрөгөн таланттуу өспүрүмдөрдү даярдоо системасын ушуерде, өзүңөрдүн мекениңерде, Кыргызстанда кеңири түзүп берүүгө жарай турган болгула» – деген илимпоз-аксакал.

Азыр ошол жаштардын бүт бары физика-математика илимдердин кандидаттары болуп, кээ бирилер докторлукка да жетишип республикабыздын институт, университеттеринде ийгиликтүү иштен жатышат.

Алардын арасынан Өмүрзак Мамаюсупов алгачкылардан болуп Новосибирскте терең изилдеп, үйрөнгөнүн өз жергесинде ишке ашыра баштады. Айтмакчы, бул багытта Новосибирскке баргандан мурда да Өмурзактын айрым тажрыйбалары болгон эле. 1974-жылы ал өзүнүн бир тууган иниси Маккамбай экөөлөп (Маккамбай дагы физика- математика илимдердин кандидаты, азыркы убакта Ош мамлекеттик университетинде ага окутуучу болуп иштейт) математика жана физика боюнча адистештирилген кружокту уюштурушат. Ошол кружок кийинчерээк адистештирилген класска айланып, жетекчилигине мектепте иштеген математик Каныбек Матисаев дайындалган.

Демек, студенттик жылдардан тартып бул эки бир туугандын максаты бир болгон айылдык таланттуу балдар-кыздар үчүн терең билим берүү системасын куруп беруу, алардын бактына дүйнөлүк стандарттагы мектептерди ошол эле айыл жерде уюштуруу болгон. Ушул эки зирек, арканды үзүн таштаганды билген жигиттерибиздин мээнети, тынбай изденүүсү аркылуу Кыргызстандын алыскы тоолуу айылдарынын биринде таланттуу балдарды, жана ошондой эле таланттуу, адис мектептерде иштей ала турган мугалимдерди, тандал-иргеп, тарбиялап алуу системасы акырындык менен курула баштады десек болот.