Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат онлайн

Себеби, бул «номер бир» проблемабызды чечмейинче, бул багытта зор иштерди аткармайын, биздин коом эртеңки рухий жана материалдык жетишкендиктерден куру калганы бышык. Ошондой эле жер-жерлерге бөлүнүүдөн, трайбализмден, айыл менен шаардын ортосунда күчөп бараткан ажырымдан, карама-каршылыктардан кутула албайбыз.

Мына ушундай бийик жана адал максатты Кыргызстанда уюшулган «Эркин Жаш Ишкер Адамдардын Достугу» аттуу соопчулук фонд (ЭЖИАД) өзүнүн негизги багыты деп билет. Бул фонд башынан эле өлкөбүздөгү бизнесмендерди, илимпоздорду, жетекчилерди, кыскасы, бүгүнкү эл агартуунун оор абалын түшүнгөн педагогторду, кайдигер эмес инсандарды, «натыйжасы ондогон жылдардан кийин билинүүчү» агартуу системасынын реформасына жогорку баа берген, ага инвестициялардын зарылдыгын баамдаган атуулдарыбызды бириктирет.

ЭЖИАДтын уюштуруучулары болуп Кыргызстандын улуттук Академиясынын Математика институтунун илимий кызматкерлери, физика-математикалык илимдердин доктору, профессор, Академиянын мүчө-корреспонденти Азрет-Алий Боташев, Математика институтунун ага-илимий кызматкери, физика-математикалык илимдердин кандидаты Омурзак Мамаюсупов жана физика институтунун ага-илимий кызматкери, техника илимдердин кандидаты Абдисалам Чылымов катышышкан. Булардан тышкары учредительдердин арасында «Асаба» партиянын активдуу мүчөсү жана жетекчилеринин бири Майрамбек Чекиров, борборубуздагы «Хен-Фен» банкынын кызматкери Каныбек Абдыкадыров, «Чыгыш» аттуу кичи ишкананын жетекчиси Асылбек Чолпонбаев жана Амирбек Усмановдор бар.

Өзунун техникалык, илимий, материалдык жардамы, координациялоосу астында ЭЖИАД буткул өлкөбүз боюнча алыскы тоолуу айыл-кыштактарында талантуу балдар үчүн физика жана математика багытында 40 лицей-мектептерди ачууну долбоорлоп жатат. Бүгүңкү кундө өлкөбүздө ондогон мындай лицей-мектептер негизделип жатат десек жаңылышпаган болобуз.

Биринчи натыйжалар эле эң жакшы, ал турсун таң каларлуу дегенге арзыйт. Бул лицейлердин жанданышы менен коомчулугубузда таптакыр жаңыча, мурда болбогон психологиялык ситуация пайда болууда. Элеттик жергебиз ушунчалык келечектеги потенциалдуу ломоносов, пушкин, ахунбаев, табышалиев, юдахин, айтматовдорго бай экенине, лицейдин алгачкы түшүмүнөн, жетишкендиктеринен байкап, көзүбүз ачылып жатпайбы! Аларды бириктирип, интенсивдүү окутууга ылайыктуу шарт түзүп берсең эле болду, бири бири менен эрегишип, абдан тез өсүп, жетилип чыгышат экен.