Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат онлайн

Мындай аракетке элеттик балдар да, аларды тарбиялап өстүрүп жаткан мугалимдер да өзгөчө муктаж экенин биздин тоолуу өлкөбүздө жашагандарыбыздын арасында кабарсыз адам болбогон чыгар – баардыгы эле билген элет жеринини турмушу абыдан оор деп, а бирок куру сөздөн конкреттүү ишке, ошол элеттик адамга, мектепке жардам берели дегендерин арасынан биринчи иретте ЭЖИАДтын демилгесин, анын ишинин найтыжасын тарых өзү көрсөтөт деп мен ишенемин.


Өмүрзак Мамаюсупов:

– Кыргыз элинин 80 пайызы айыл жерде жашайт. Ошондо да алардын арасынан басымдуу көпчүлүгү алыскы тоолуу аймактарды мекендешет. Демек, ошол элет жерге, алыскы тоолуу аймактарга негизги басым жасабасак, кыргыз элибиздин улут катары калыптаныша да, маданиятыбыздын өнүгүүсү да абдан оор, онтойсуз абалда калышы айдан ачык. Мунусуз эч кандай реформалар биздин жерибизде ишке ашпайт. Эртенки күнүбүз, келечегибиз алыскы тоолуу аймактарда түптөлүп жатат. Ошол айыл-кыштактарда тарбияланып өскөн балдарыбыз эртең кандай болушса, кайсы жакка бурулушса биздин турмушубуз да ошондой болот, ошояка бурулат. Демек, периферияга, провинцияга көңүлүбүздү өзгөчө бөлмөйүн, эмгегибиздин негизги векторун ошол жактагы проблемаларды чечүүгө багыттамайын, жалпы абалыбыздын онолушу да күмөн. Муну биринчи кезекте эске тутуп жүрүшүбүз абзел. Биздин өлкөбүздүн спецификасы да, өзгөчө кыйынчылыктары да ушунда. Кыргыз элинин маданияты да, агартуу системасы да гүлдөгөн болсо ошол элет жерден гүлдөй баштайт. Башкача болуу мүмкүн эмес.

Баса, Каныбек Матисаевди адистештирилген класстын окутуучусунун деңгээлине жеткирүү үчүн Өмүрзак аны менен биргелешип бир катар жылдары иштеген, нечен жолу борборго математика институна атайын курстарга чакырып, ал турсун Новосибирскке да стажировкага жөнөткөн. Муну айткан себебим, лицейде иштей ала турган мугалимдер да атайын өзүнчө даярдоо окуудан, переквалификациядан өтүшү ыктымал. Ансыз лицей лицей боло албайт. Келечектин мектеби сөссүз түрдө окуучуну да, окутуучуну да тынбай окутууга, билим деңгээлинин жогорулатууга мажбур кылат. Бул өзгөчө биздин элеттик мугалимдерибиз үчүн маанилүү иш. Алар менен тынбай, системдүү түрде иш алпармайын, шаардын мугалимдеринин деңгээлине эч убакта алардын билгенин көтөрө албайбыз да. Ал эми лицейде иштейм деген мугалимдер шаардык мугалимдерден да күчтүү болууга тийиш. Антпесек, лицейдин ачуунун кажети барбы?