Читать книгу Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг. онлайн

Отурукташкан кедейлер ыңгайлаштырылган орок, кетмен, айрымдары гана жыгач буурусундун жардамы менен жерди иштетишип, анча-мынча түшум алып турушкан. Алынган түшүм үй-бүлөсүн тамактандырууга, келерки жылдагы түшүмгө жетишчу эмес. Негизги айдоо жана сугат жерлер, жайлоолор жергиликтүү бай-манаптардын колунда болуп, чарба жүргүзүү артта калган.

Эл уруу-уруу болуп отурукташкан. Алсак, Он- Арча суусу менен Нарын суусунун ортосунда «ты- нымсейит», Нарын суусунун чыгыш тарабына «моңолдор ал эми Он-Арча суусунун батыш тарабы- на «сарбагыш» уруулары жайгашкан дешет карыялар. Азыркы областтын жана райондун борбору Нарын шаары да ал кезде өрөөндөрүн байланыштырып турган соодагерлердин Кашкар менен Чүй конуп өтүүчү бекети (жайы) болгон.

Архивдеги материалдарга караганда 1913-жылы Нарында бир жарым миң адам жашаган. Кол өнөрчүлөрдүн беш майда дүкөнү болгон. Бир орус-туземдик мектеп болуп, анда элүүгө жетпеген балдар окушкан. Ал кездеги жергиликтүү эл билим алуу дегенди билишкен эмес. Бул жөнүндө Карл Маркс атындагы колхоздогу карыя коммунист Сарымсаков Абдырай мындай деп эскерет: «1920-жыл. Кеч күз. Жан-Булак айылында бирин-экин саман кепелер Кара-Тоо коктусунун Нарынга чыга беришине жайгашкан. Кепелерге канатташ тигилген кара алачыктар. Алма-Атада окуган «илимпоз» келиптир деген кабар дүң дей түштү. Айылдын четинде бир топ тестиер балдар ойноп жүргөн маңдайдагы дөбөгө чуркадык. Ал дөбөнү «Кеңеш дөбө» деп коө турган эле. Эртең менен кечинде айылдагы «Ак сакалдардын баарысы өткөн-кеткенден кеп салышып ошол дөбөдө отурчу. Мүмкүн ошондон улам «Кеңеш дөбө» аталып калган болуу керек.

Биз ошол дөбөгө чогулган учурда айылдын четиндеги Жутаке деген аксакалдын боз алачыгынан бир киши дөбөнү карай жөнөдү. Жакын келгенде жашы отуздарга барган ак саргыл, орто бойлуу, биз мурда эч качан көрбөгөн кара кемсел кийген жигит экен.

– Балдар! – деди, ал бизге кайрылып: – Мен сиздердин жердешиңер Жутакенин баласы Абылкасым деген боломун. Алма-Атадагы мугалимдик курсту бүтүрүп келдим. Силерди окутамын.