Читать книгу Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг. онлайн
Бул брошюрада айылдык турмуштун бардык чөйрөсүн кайра куруунун негизги факторлору: эко- номиканы өнүктүрүү, соода, медициналык жактан айылдык эмгекчилерди тейлөөнүн, маданий агартуу мекемелеринин иштеринин деңгээлин жогорулатуу, калктын турмушуна жаңы салттарды киргизүү, айылдык эмгекчилердин турмуш-тиричилик маданиятын көтөрүү боюнча партиялык, коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери баяндалат.
Совет коомунун өнүгүшүнүн азыркы этабында коммунисттик партиянын жетекчи ролу өсүп жаткандыгы мүнөздүү. Ошондуктан жергиликтүү партиялык иштин күндөлүк практикасын үйрөнүү, жыйынтыктоо, илимий анализ берүү менен алдынкы, пайдалуу тажрыйбаларды жайылтуу объективдүү зарылчылык болуп саналат. КПСС Борбордук Комитетинин Генеральный секретары, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели жолдош Л. И. Брежневдин тарыхый зор мааниси бар «Кичи жер», «Кайра жаралуу», «Дын жер» деген эмгектери, айыл-кыштактагы социалдык өзгерүүлөрдү, партиялык иштин негизги участогу болгон райондун экономикасын, эмгекчилердин турмуш-тиричилигин, маданиятын жогорулатууда жүргүзүлгөн жумуштарды изилдеп үйрөнүүдө, авторго эбегейсиз зор жардам көрсөттү.
Райондун жана областтын масштабында жүргүзүлүп жаткан иштерди жана тажрыйбаларды жалпылап-жыйынтыктаган эмгектер республиканын китеп басмасынан кийинки мезгилдерде көбүрөөк чыга баштады. Бул эмгектер район аралык тажрыйба алмашууда өтө маанилүү экени белгилүү. Алардын ичинен 1974-жылы жарык көргөн Т. К. Кошоевдин «Социалдык-маданий курулушка жетекчилик кылуу боюнча эмгекчилер депутаттарынын Советтеринин иши» аттуу китебинде социалдык-маданий курулушка жетекчилик кылууда советтик уюмдардын жургузгөн иштери жөнүндө окурмандар менен кенири пикир алмашат. Шаар менен айыл-кыштактын, акыл
эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы журуп жаткан жакындашуу жагынан, советтик адамдардын турмушунун маданий деңгээлин көтөрүү жагынан областтагы топтолгон тажрыйбалар жөнүндө баяндалат.
Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Акназаровдун 1976-жылы басылып чыккан «Биздин башкы камкордук деген китеби жерди сарамжалдуу пайдалануу, интенсификациялоо менен жалпы эле Дыйканчылыктын маданиятын жогорулатуудагы жетишкен ийгиликтери жана аны камсыз кылууда партиялык, советтик уюмдардын жүргүзгөн иштери кеңири баяндалган.