Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат онлайн

Биз жогоруда лицейде иштеген мугалимдердин орточо айлыгы жөнөкөй орто мектептин мугалимдердин айлыгынан эки-үч эсе артат деп айткан элек.

– А бирок жалпы республикабыздын финансалык абалынын начардыгынан, – дейт Тургунбай Жунусов, – Ноокат билимканасынын окутуучулары убагында айлыкты толук алалбай кыйналышууда. – Менин айлыгым 300 сомдон ашуун, убагында бул суммадагы акчаны алып турганымда, эч кандай материалдык проблемам жок болот эле. Райондогу банкыбыздын нак акчасы жоктугунан, айлыгыбыз убагында тийбей, төрт-беш ай кечигип алабыз. Соңку мезгилде райондун жетекчилери атайын мугалимдердин камкордугун көздөө аракетинде, алар үчүн айлыктын ордуна ошол эле суммадагы талондорду бере баштады. Ал талон аркылуу райондун кээ бир мамлекеттик дүкөндөрүндө негизги азык-тулук товарларды: нанды, кантты, унду жана башканы сатып алсаң болот. Тилекке каршы, бул товарлардын талонго сатып алуу баасы эки эсе кымбат туруп, натыйжада менин алган айлыгым 150 сомго чейин кыскарап жатпайбы.

Өмүрзак Мамаюсупов:

– Айла жок болгондо, кээде өзүңдүн чөнтөгүңөн мугалимдердин айлыгына акча чыгарып бересин. Ишти баштагандан кийин, анын аягына чыгыш керек да. Лицей материалдык жактан биротоло бутуна турганда гана эс-жайыбызды алабыз окшойт.

– Албетте, ушул сыяктуу күнүмдүк проблемаларыбыз арбын, – дейт лицейдин директору Саадат Саттарова. – Аларды чечүү үчүн бүткүл өлкөбүздүн экономикасы оңолушу, реформаланышы ыктымал. Ошого карабай, ушундай кыйын кырдаалда мугалимдерибиздин да, окуучуларыбыздын да лицейдеги абалын, жашоо-шартын жеңилдетиш үчүн колубуздан келген бардык нерсени жасап атабыз. Баса, балдарыбызга күнүнө үч маал жылуу, сапаттуу тамакты жасап берүү да (лицейдин мугалимдери да эки жолу ашканада тамактанышат) биз үчүн оңойго келбейт. Ат менен райцентрге түшүп нан ташыган, велосипедде базардан жамгыр шатырап жааганда пияз алып келген күндөрүбүз болгон. Өкмөтүбүзгө дайыма карап, өзүбүз камырабай жатканыбызда, балдарыбызды кээ бири күндөрү тамак жагынан кыйнап койбойт белек – техника сынып же, эгерде кайсы бир себептерден бензин түгөнүп продуктулар убагында лицейге жеткирилбей калган болсо. Кудая шүгүр, буга чейин биздин балдарыбыз бир күн да жылуу ашканабызда нан тамаксыз калган жок. Азыр нан жабуучу электроагрегатыбыз, «тандырыбыз» да бар. Аны биздин шефповарыбыз Насиба Усманова жана анын жардамчысы Буниса Матмуратова эң мыкты иштете алышат – нан, боорсок, каттаманы жасап. Тамакты бышырганда да, ар-түрдүү Чечме-Сайдын айланасындагы адырларында өскөн адамга пайдалуу, витаминдерге бай өсүмдүктөрдү кошконду билет. Жазында бир аптада жок дегенде бир жолу адырга чыгып кийик отун, ысмалакты, тоо сарымсагын жана башкаларын терип жыйнап келет.