Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат онлайн

Анын үстүнөн билимканада чын эле байыркы Грециядагы атлеттердикиндей, балдардын билим жаатында бири-бири менен конкуренция, таймашуу, эрегишүү өтө күчтүү болуп кошумча кыйынчылыктарды, интенсивдүү окуунуну азаптарын туудуруп жатпайбы. Лицейде эрте менен саат алтыдабы же түндөсү саат 11—12би кирип калсаң окуу залында кайсы бир китепти «кемирип» окуган же бир нерсени жазып иштеген «олимпиецти» көрөсүң.

Эрте менен сегизден тартып, кечки жети-сегизге чейин окуганы, кошумча сабактарга катышканы, эртеңки күнгө даярданганы аз келгенсип. Лицейде, ачык айтуу керек, илимге, окууга багышталган фанатизм жок эмес. Көпчүлүк балдардын сабакка мындай ашыкча берилип кеткенин лицейдин кемчили катары бааласа болот. Физкультура, дене-тарбия, эс алуу маданияты дегендер биерде унутулуп калгандай сыяктанат. Ошондой эле лицей алыскы тоолуу айылда жайгашкандыктан, анын окуучулары шардык балдарга салыштырганда жалпы маданий кругозору, дүйнө таануусу жагынан бир аз өксүп турганын, мектептен тышкары спорттук, чыгармачылык, өнөрчүлүк секцияларга катыша албаганын байкаса болот. Бул көп жагынан мыйзамченемдүү көрүнүштөр. Айылдын деңгээли өзү биздин өлкөбүздө башынан тартып шаардын деңгээлинен асман менен жердей айырмаланып турган эмеспи.

А бул типтеги лицейлерибиз, урматтуу мекендештер, биринчи кезекте биздин коомубуздун ушул бейнормалсыз карама-каршылыгын, оор дартын жойдуру үчүн ачылып жатпайбы. Келечекте, ошол 21-кылымда шаар менен айылга, түндүк менен түштүккө бөлүнбөй бир эл болуп цивилизациялуу түрдө жашайлы деген ниетте, биздин бүгүнкү балдарыбыз ошондо дүйнөлүк аренага чыгып, аерде өзүнүн ордун таап, мекенибиздин сыймыгы жана тиреги болсун деген ийги тилекте.

Лицейдин материалдык базасы бара-бара чыңалган сайын, окутуучулардын тажрыйбасы артып, балдардын ата-энелеринин лицейге бар болгон түшүнүгү, мамилеси өзгөрүп, өзүлөрү да тарбияланышып тарбия иштерине активдүү катыша баштаганда, көп бугунку кемчиликтер өзүнөн өзү эле жоголушу бышык. Кантпегенде, системанын жакшы иштеп кетүүсүнө, стабилдүүлүккө жетүү үчүн бир катар жылдар, а балким ондогон жылдар керектир. Ага чейин кыйналып иштегеңден башка айла жоктой туюлат. Алгачкы баштагандын жолу татаал, азаптуу болот эмеспи. А бирок ошого жараша биринчилер элдин тарыхый элесинде, сый-урматында бекем калышат. Кийин Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында балким жүздөгөн эң сонун, эң мыкты лицейлер пайда болоор, ошондо да алардын баары Ноокат билимканасын өзүнүн чоң энесиндей таанып, терең урматташат.